• 86.79
  • 90.83
  • 0.84

Акыркы маалыматтар: 797 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 10 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 445, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 123, Ош облусунда –13, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 70, Баткен облусунда – 56 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 794 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 493 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 174 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 165 миң 540 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 149 миң 171 киши айыгып чыкса, 2 миң 354 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий