Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 574, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 128, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 78, Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган.
"Ал эми бир суткада 1 миң 485 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 888 бейтап, амбулатордук түрдө 11 миң 483 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 142 миң 984 киши айыгып чыкса, 2 миң 311 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий