• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы жолу

ТАГДЫР 0

Бүгүн да үйгө ичип келдим. Үйгө кирсем аялым дасторкон жайып, балдарымды отургузуп , өзгөчө шаңга бөлөнүп отурушкан экен. Мен кирээрим менен балдарым «АТА! АТА!» аталап чуркап келишти. Мен эмне кылам адатымча: -Баргыла нары! Көтөрүп кучактамак түгүл урушуп, кээ бир күндөрү чаап да жиберем. Жубайым мени көрүп жылмайып, кубанычы койнуна батпай турду эле, балдарымды урушсам, ыйлагысы келип, жүз аарчысын алып, көзүнөн аккан тамчы жашын сүртүп койду. Балдарым үн катпай четке туруп калышты. Мен бут кийимимди да чечпей туруп, төрдү көздөй жөнөдүм.
- Э катын! Эу! Мындай норррмальный катын болчу, э! Бу не кылганың?
Эми … даст., - сүйлөп жатып ыктытып жаттым. Мындай элдин катындарына окшоп, нормальный отурбайсыңбы? Балдарды кара, малдарды кара, тиричилигиңди кылып жата бербейсиңби?

Аялым балдарыма карап: - Бөлмөгө киргиле.

Балдарым дароо чуркап кетишти. Мен жаңыдан бутка турган жаш баладай там-таңдап басып, оозумдан шилекейимди чуурутуп, дасторконго барып отурдум. Аялым да бет маңдайыма келип отурду.

- Ии, сүйлө, не майрам анан?

- Бүгүн … биздин баш кош…, - мен анын сөзүн кесе сүйлөп бакырдым.

- Не баш кош! Не баш кош! А! Тезирээк айтпайсыңбы чайналбай.

- Айтып жатам го…

Ал ыйлап жиберди.

- Не ыйлайсың! Көзүңдүн көгөргөнү кайтып калганбы? Көптөн бери муштум жебей муштумга талгак болуп калдыңбы!?

- Жоок… сиз мени түшүнсөңүзчү.

- Түшүнбөйм!

Столду бир койдум, чайнек ысык чайы менен тоголонуп жерге түштү. Аялым дароо алганга шашты.

- Тийбе!

- Килем суу болот.

- Эмне?! Каяша сүйлөп калдыңбы? Тийбе дейм!

- Акыры…

- Акыры апаң берген килем аа! Апаң берген, балким мына үйдү да апаң бергендир.
- Жок, мен антейин дегеним жоок. Ал ый аралаш жооп узатты.

- Анан? Анан не демекчисиң?

- Кайнаган чай… Дагы сөзүн бөлүп: - Не кайнабаган чай болобу?!
Ал жооп таба албай, ыйлап жоолугун шыпырып, столго жөлөнүп отуруп калды.
- Болгону ысык чай, балдарым кокус килемди басса, буту куйуп калабы деп корктум…
- Ээ көк мээ! Именно ушул килемден басат дейсиңби? Аа башы жок. Кичине мага татыктуу болчу, жаман катын!

Аялым жалт карады, анын көздөрү баягыдай эмес, курч.
- Эмне? Балдар укса эмне болот?

- Балдар укса, ха-ха-ха, уккан болот, көк мээ.

Аңгыча бөлмөдөн кичинекей кызым чыга келди. Апасын көздөй чуркап жөнөп, аялым ай, уй дегиче болбой, ошол чай төгүлгөн жерди басып кетти. Аялым дароо көтөрө калды. Кызым чыңырып ыйлап, бутунда тура албай, апалап кыйкырып жатты. Апасы аны өпкүлөп, өзү да ыйлап, бөлмөгө кирип кетишти.
Мен эч нерсе болбогондой муздаткычтын жанына бардым, аны ачып адаттагыдай арагымды тапбай калдым.

- Оо, шүмшүк! Э, катын! Катын!

Ал чуркап чыкты, кызымдын үнү дале басыла элек.

- Кана менин арагым?

- Ичпеңизчи, суранам… Ал тизелеп отуруп калды. Мен жинденип чачынан кармап аны сабап кирдим. Бир убакта балам ыйлап: - Ата, урбаңызчы… мынакей арагыңыз.
Колунда бир бөтөлкө арак турду, мен аракты көздөй жөнөдүм. Аялым жүзүн жаап ыйлап турду. Баламдын колундагы аракты жулуп алдым да:

- Сен эмне апаңдан үйрөндүңбү?

Ал унчукпай турду.

- Ээй акмак! Дагы бекитчү болсоң, могу кулагыңды жулуп, эки көзүңдү чукуп таштайм уктуңбу!

- Уктум.

Ал апасына бир карап алып, бөлмөнү көздөй кирип кетти.
Мен аракка тоё ичип, бир бурчка барып жатып калдым. Канча уктадым билбейм, турсам кун дале ордунда тургандай, башым зыркырап, тиштерим оорлошуп, колдорум калтырап үшүп калыптырмын. Муздак суу ичип өзүмө келе түштүм. Үй тап-таза, ашыкча нерсе жок, балдарымдын оюнчугу да жок. Мен адатымча:
- Катын! Оо, катын! Эу, бери чык! Балам!,- деп кыйкырып жаттым. - Кызым! Ээ не бекинип алгансыңарбы? Дагы жиним келип, бөлмөлөрдүн ар бирине кирип, аларды издеп жаттым. Алар эч жерде жок. Сыртка чыктым, кошунам туруптур:

- Ээ кошуна менин катынымды көргөн жоксуңбу?
- Кечээ кечинде балдарыңды алып чыгып кеткен.
- Аа, кетсе керек да. Ха-ха-ха. Кошуна бүгүн майрам, жүрү биздикине.
Кошунам ачуусу келип, колун шилтеп басып кетти.

Мен каткырып, аны шылдыңдап үйгө кирип кеттим. Өзүмчө ырдап алганмын:
«Катыным жок, мен бойдок,
Мен бойдок, катын жок,
Бойдок жигитмин, сөзүм ок!
Мен деген шок бойдок» ырдаганым аз келгенсип, ары-бери чуркап, дасторконго даамдарды коюп, отурдум. Байкабаптырмын, үстөлдүн четинде үстү жабылган нерсе турат. Ача калсам, мен жактырган тамак, нан ж.б. Эки көзүм төрт болуп:
-Ии? Мен бул жакка дасторкон жайсам, катын бул башына жайып, бул жагы кызык болдуго. Же мындай бөлүнүп-бөлүнүп жейт белек, ха-ха-ха,- Өзүм менен өзүм сүйлөшүп, күлүп жаттым. Шаша-буша эч нерсе көрбөгөндөй жеп,суудан жутуп курсакты тойгоздум. Курсак ток, кайгы жок деп кайрадан уйкум келип, башымдын зыңгыраганы басылып, жыргап калбадымбы. Дагы муздаткычка барып арагымды издедим. Дагы жок.
- Энеңди урайындын катыны! Түгөтүп бекитип койгон тура же алда ичип жатабы?, -деп каткырып коюп, өзүм бекиткен, досум берген аракты алдым. Андан куюп колума кармап:
-Хуу! Ээ айтмакчы арак брат! Эми биз сен экөөбүз жашайбыз.
Билесиңби канча жолу аялымды айдадым, үйдөн куудум, кетирдим бирок кетпей эле койду. Кетирсем да айла жок барып алып келгенмин да, туурабы? Эми мен кетирбесем да,кет дебесем да өзү кетип калыптыр, мага баары бир, бирде нерсе дешсе өзү кетти, менде күнөө жок дейм да туурабы? Ха-ха-хааа, туура ,туура досум ,арак брат! Мейли, ден соолук болсун жана достугубуз үзүлбөсүн макулбу? Бөтөлкөгө стаканымды тың эте уруп ичээримде, столдун четинде турган ак кагазга көзүм түштү. Арагымды ичпей, ошол ак кагазды алып ачып кирдим. Ичинен дагы бир кичинекей кагаз түштү. Кичинекей кагазды ачып окудум. Ал кат аялыма арнап жазган катым болчу. Мен ал кезде ага жетпей: «Мен сени алып кетем, сен меникисиң, биз бактылуу болобуз» деп жазгандарым бар эле. Өзүмдүн жазган катымды окуп, бир башкача боло түштүм. Ойлуу отуруп калдым. Андан берки чоң катты алдым. Ал кат мындай болчу:

Акыркы кат…

Бүгүн биздин баш кошконубузга он жыл болду. Бул менин сизге жазган акыркы катым же жок! Ооба, акыркысы! Эсиңиздеби, биз экөөбүз сүйүшүп, сүйүүбүз күч болуп, ата-энебиз ыраазы болбой койсо да, биз турмуш курабыз деп алыстарга качып кеткенбиз. Сиз анда: «Мен сени алып кетем, сен меникисиң, биз бактылуу болобуз» деп кат жазган элеңиз. Мен ошондо кубанычым койнума батпай ,бир ыйлап, бир күлүп, сүйүү көлүндө сүзүп бараткан кайык сыяктуу элем. Ал кемени эч ким токтото алмак эмес. Анткени анын калагы сиз элеңиз. Сиз жанымда болсоңуз мен эч нерседен коркпойт элем, өзүмдү эркин сезип, ажал келсе да сиз мени алып калчудай сезилчү. Бирок …

Эсиңиздеби, биздин үйлөнүү тоюбуз күнү Сиз мага жылуу карап:
- Биз бактылуу болобузбу?, дедиңиз. Мен: - Билбейм…
- Антпе. Бизди бактылуу болсун деп канча адам тоюбузга келди, бактылуу болсун деп ак батасын беришти. Демек, биз сөзсүз бактылуу болушубуз керек, биз ага милдеттүүбүз,- деп чечкиндүү карагансыз”.

Каттын ушул жерине келгенде, өзүмдү жек көрүп, көзүмдөн жашым тамчылап, бармагымды баса тиштеп, катты андан ары уланттым.

“Сиздин бул жылуу, ишеничтүү сөздөрүңүз, мени чексиз бакытка бөлөдү. Периштедей канат байлап, сиз менен бирге учуп бара жаткандай туюлду. Ошол учурда музыканын бүтүп калганын карасаңыз. Мен сиз менен канчалык бийлегим келген. Сиз ошондо дароо сезип, кайрадан жай ырга койдурдуңуз.
Мен кубанып, шыбырадым: - Мен дагы бийлегим келгенин кайдан билдиңиз?
- Жаным… аны мага жүрөгүм айтты, мен сенин ар бир сезимиңди, ички оюңду, кыялыңды, айтчу сөздөрүңдү мына бул сен деп согуп турган жүрөк менен сезип турам. .

Мен ошондо канчалык кармансам да, көзүмдөн мөлт-мөлт этип жаш агып кеткен. Сиз болсо бекем кучактап: - Мейли ыйла, ыйла сүйүнүчтөн, бактылуулуктан бирок кайгы-капалыктан ыйлашына эч качан жол бербейм…
Сиздин жылуу с
өздөрүңүз мени ого бетер жашытып, ал менин жашоомдогу эн бактылуу күн болуп калды.

Эки-үч жылдай бактылуу жашадык. Уул-кыздарыбыз төрөлгөндө сиздин жагымдуу белектериңиз, аталык мээримиңиз биздин үйдөгү бакытты кармап тураар эле. Мен сизге жагыш үчүн, кээде боюнуп, жасанып жумуштан келгениңизде кучак жайып тосуп алар элем. Сиз болсо “жасансаң, жасанбасаң да баары бир менин аялымсың, түбөлүк меникисиң, сен менин периштемсиң” дээр элеңиз. Ээхх, ошол жүрөккө жеткен, жылуу сөздөрүңүз, баягыдай сүйдүрүп караган көздөрүңүз кайда? Кайда? Мен аны таба аламбы?”

Мен чыдабай алдымда турган бир бөтөлкө аракты терезени көздөй ыргытып жибердим. Терезе да, бөтөлкө да сынды. Мен үнкүйүп отуруп, улам-улам көздөн аккан жашымды аарчып, кайрадан катка көз жүгүрттүм.

“Билбейм …Эми кантем… биздин үйдөгү бакыттын кушу кайда учуп кетти экен? Кайда?
Ооба, кээде мени урушат элеңиз. Бир нерсени туура эмес жасап алганымда, күнөөмдү мойнума алып эле, үн катпай журчуу эмес белем. Акыркы жолу досторуңуз менен шеринеге барганда, үйгө зуулдап унааңыз менен жетип келдиңиз. Кирээриңиз менен мени бетке чаап муунтуп кирдиңиз, ошондо сиздин көздөрүңүз жырткычтын көзүндөй болуп жанып турду. Мен коркконумдан өзүмдү жоготуп койдум. Суу чачып эсиме келтирип, маңдайымда курч коздорунуз менен тиктеп отурдунуз:

- Ээй канчык! Бул эмне кылганың?

- Түшүндөбүм?

- Кандай түшүнбөйсүң, а! Мен жумушка кеткенде кимдир бирөөлөр менен жатып жүрөт экенсиң?

- Жоок! Жалган! Жалган! Эч качан!

- Жаныңды жебе!

- Сиз мага кыянаттык кылсаңызда, мен сизге кыянаттык кылбайм!
- Ээй! Эмне досторум жалган айтат дейсиңби? Үйгө келгенде башкача карап коёт экенсиң?
- Жжоок, сиз мага ишеңизчи…
- Мен акмак экенмин сага ишенип, энеңди урайындын катыны! Көргөзөм, мен сага!
Ошонду мени болушунча сабагансыз. Мага деген көңүлүңүз соолуп, бир да ишенбей калдыңыз. А мен болсо сизден үмүт кылып жүрөм. Сиз эмнеге ушакка, куру жалганга алданып ишендиңиз?
Биздин бактыбызды көрө албагандар канча. Мен сиздин аялыңызмын го. Мейли мага ишенбеңиз,неге ичип кеттиңиз . Унааны сатып, иштен чыктыңыз. Бул эмне кылыгыңыз? Бүгүн да жок жерден сабадыңыз. Кызымдын буту күйдү. Баламды уруштунуз, деги бул кылыктарыңыз качанга чейин созулат? Аягы барбы? Мен бугун акыркы жолу сизге тамак жасап жатам, акыркы жолу үйдү тазалап, акыркы жолу, баары акыркы жолу болуп жатат. Бул акыркы катым. Мени кетирем деп кыйналбаңыз, мына мен кетип жатам. Эч нерсеге тийген жокмун. Эми келем дебеңиз, жок! Сизге эмне болот билбейм. Мына баш кошконубузга он жыл толук болду. Бул күнү үйүбүздө майрам кылып, дасторкон жайып, кайгы-капалыкты артта калтырып же аларды үйдөн кууп чыгарууну каалагам. Бирок андай болгон жок… Мен эгерде бул күндөн кечиксем, аягы жакшылыкка алып барбас. Бүгүн кетем. Калемимдин да сыясы түгөнүп баратат, кудум менин сизге болгон сүйүүм сыяктуу.
Уруштардан со
ң, мен сиздин баягы жылуу сөзүңүздү, мээримдүү көзүңүздү сагындым… Кантем? Ошол сиздеги жылуулук толугу менен түбөлүккө муздактыкка айлангандай.
Менден ката кетсе кечир
иңиз. А бирок мен сизди кечире албайм. Уруп-тепкениңиз, урушканыңыз, муунткаңыз үчүн эмес. Баламдын бутун күйгүзгөнүңүз үчүн жана баягыдай аталык мээрим төкпөгөнүңүз үчүн.

“АКЫРКЫ ЖОЛУ”

Катты окуп алып шолоктоп, аюу сымал өңгүрөп ыйлап кирдим. Катты бырыштыра кармап, өзүмдү өзүм ургулап:
- Сен эркек эмессиң! Сен айбансың! Айбан дагы эмессиң, шайтансың! Жок шайтан дагы эмес, сен эң жамансың, сага караганда…
Калган сөзүмдү улай албай, бүт нерсени талкалап, өзүм да талкаланып ыйлап жаттым. Аңгыча, кошунам кирип келди: - Эмне болду кошуна?
- Эмне болмок эле акмак!, - Мен аны жакалап алдым.
- Кайда, менин аялым кайда? Билесиңби, мен бактымдан ажырадым.
Ал үн катпай туруп берди. Мен аны кайра кое берип, күзгүнү көздөй жөнөдүм. Анда турган, аялым экөөбүз үйлөнгөндө түшкөн сүрөттү алып келдим да.
- Билесиңби, бул менин эң бакылуу күнүм, эң! Эң бактылуу!
- Болду кошуна ыйлаба…

- Ыйлайм, ыйлайм эмне жырткычтарда жүрөк жок дейсинерби? Ба-ар! Мына жүрөк, бизде да согот жүрөк… жүрөгүмдү муштумдап көрсөтүп, ого бетер төгүлүп ыйладым. Балдарымдын бөлмөсүнө кирип кийимдерин таап, өпкүлөп жыттап, алардын кийиминен кечирим сурадым. Кошунам мени көрүп үн катпай чыгып кетти. Мен башка эмне кылам, көпкө отурбай эшиктерди да жапбай, кайын энемдин үйүн көздөй жөнөдүм. Кеч курун жетип бардым. Анын иниси жана байкеси чыгып ,мени болушунча сабашты. Мен бакырып аялымдын атынан атап, алардын эшигин көздөй жулундум. Кайра жыгылам, кайра турам. Акыры дарбазага жеткенимде апасы чыкты.

- Апа мени кечириңиз, кызыңызды алып кеткени келдим.

- Сага берчү кызым жок!

Бул сөзү жанымды октой тешип, жүрөгүмө келип кадалды. Жүрөгүм лак эте түштү. Ага болбой ашыгып, үй жакты карадым. Байкеси менен иниси ого бетер сабашты. Бир убакта токтогула деген кыйкырык угулду. Ооба ал менин аялымдын үнү болчу. Бети-башым кан, тизелеп үн чыккан тарапка, көзүмдү араңдан ачып, жөрмөлөп жөнөдүм. Аялымдын бутуна жеттим.

- Мени кечир, кечир… суранам… - Ал жаныма отурду. Жүзү көк ала, илеби жарылган… Ооба, мен акмак сабап ушул акыбалга жеткирбедим беле.
Колумду ачып кармады да, бир нерсени салып кайра жаап койду. Мен дароо жумулган колумду ачтым. Колумда саргарган нике шакек жана сөйкө турду. Бул эми баары бүттү дегени эмесби. Мен ордумдан турганча ал кирип кетти. Жан талашып кайра артынан жонодум. Ичкери жакта балам мага курч коздору менен карап турду. Кызым кыбырап басып жүрөт. Апасы эшикти тарс жапты. Байкеси мени жакалап: - Эй акмак! Жогол энеңди урайын тилемчи! Мен анын сөзүнө чыдабай уруп жибердим. Иниси мени уруп, экөөлөп, ары жулкуп, бери жулкуп токмоктошту. Мени жолдун четине сүйрөп ташташты. Билбейм канча жаттым. Бир убакта бир ит келип, бетимден жалап кирди. Мен дароо ордуман козголуп, үйдү көздөй жөнөдүм. Үйдүн экинчи кабатындагы терезден аялым мени ыйлап карап турду. Аны көрүп тык токтодум. Ал дароо терезени жаап, чыракты өчүрүп кетип калды. Мен жерди ары-бери таптап, жанакы нике шакек менен сөйкөнү таап алдым. Тапканымда сүйүнүчтөн бакырып, аялым мага кайра кайткандай бакырып кирдим:
- Мен сени алып кетем! Сен меникисиң! Биз бактылуу болобуз! Мына мен кайрадан шакек, сөйкөнү таап алдым. Ха-ха-ха! Таптым ! Биздин бакыттын кушу эч кайда учкан жок, мен аны дагы кармайм, саамга эмес түбөлүккө, уктуңбу! Көчө менен бир болуп бакырып үйгө келдим. Күзгүдөн өзүмдү көпкө карап турдум. Сакалым, чачым өсүп, жүдөп байкеси айткандай тилемчи болуп калыптырмын…

Ушул күндөн кийин өзүмө келе баштадым. Баягы талкалаган үйдү калыбына келтирдим. Үйдө баардык нерсе жетиштүү, бир гана аялым, балдарым жетишпеген сыяктуу. Мен бир-эки жума жүзүмдүн көгаласы кеткенче өзүм жашадым. Кайрадан жумушка кирдим. Мен жок бизнестегилер да бир топ кыйналышкан тура. Кризиске кабылышып акыркы бизнес планды иштеп жатышкан экен. Ошентип кайрадан командама кошулуп, ишке кириштим. Жаңы бизнес план түзүп, компанияны бутка тургузуп кеттим. Ал жетишкендигим үчүн жетекчим жаңы үлгүдөгү унаа белек кылды. Мен аны зуулдатып айдап жүрдүм. Менде баягыдай кайгы-капа жок, ким дос, ким душман баарын билем. Көп нерсеге көзүм жетип, жашоодон да, жумуштан да тажрыйбалуу болуп үкалдым. Бир нече долбоор, бизнес пландарды түзгөнүм менен, аялымды үйгө алып келүүнүн планын түзө албай койдум. Жок! Мен кайрадан жолун таптым. Ал мени кечирет, эч качан акыркы жолу болбойт. Биздин урушуп-таарынышканыбыз акыркы жолу болот.
Мен бүгүн алардын үйүнүн алдына келип, баягы жаш чагымдагыдай, терезесинин астында турам. Мен аны атынан атап чакырдым. Байкеси эшикти ачты. Эшикте ырчы, чоорчу баары турат. Алар менин «баштагыла» деген буюругумду гана күтүп жатышат.
Байкеси жаныма келди:

- Эмнеге келдиң? Тез кетип кал!

- Эч качан! Кетсем аялымды кошо ала кетем…
- Балдарыңчы?

- Аларды дагы.

- Колуңдан келеби?

- Келет. Өзүмө ишеничтүү сүйлөдүм.

- Мейли, хе-хе-хе, келсе алып кет. Кел мындай сүйлөшөлү, мен сага жети мүнөт берем. Алып кетсең, алып кеттин, болбосо жок…

- Мага үч мүнөт жетет.

- Мейли анда, үч мүнөт болсо, үч мүнөт да.
Мен дагы бир балээни баштап алдым. Эркекче кол алышып, аялымды чакыра баштадым. Убакыт кетип жатат. Бир жарым мүнөттө аялым терезесин ачты. Бул менин биринчи жеңишим, демек ал кайтат. Ал ачаары менен музыканттар музыкасын жаңыртып, ырчылары ырдап киришти. Аялым көңүлү суз, бирок терезени жапбай карап турду. Мен артисттердин жайырак ырдашын сурандым да музыканын коштоосунда сүйлөп кирдим: - Жаным! Мен сага келдим. Мына менен эркекче сөзүм. Мен өзгөрдүм. Ким үчүн? Ооба, мен сен үчүн өзгөрдүм! Сенин сүйүүң мени өзгөртө алды. Мени кечирчи, суранам, кечир.
Мен сүйлөп жатсам, иниси чыгып асыла кетти. Байкеси аны тартып, үч мүнөттөн соң баары чечилерин айтты. Убактым аз калды. Бир мүнөтүм калды. Кайрадан терезени карасам, аялым кызымды көтөрүп, жанында балам мага кубануу менен карап туруптур.

- Балам! Кызым! Мени менен кетесинерби?, -
Алар апасын карап койду. Апасычы? Дале суз араң эле карап тургандай.
- Сураныч мени кечирчи! Мен сен үчүн баарын жасайм. Сүйлөп жатып жаштанып кеттим. Бул жаштар сен үчүн агып жатат. Билесиңби бул деген сүйүүнүн көз жашы, сүйүүнүн күчү. Аңгыча убактым да аяктады. Аялым терезени жаап кирип кетти. Кошуна-колоңдор баары чыгып алган. Байкеси менен иниси ырчыларды токтотуп, мени кет деп айтышты. А мен тизелеп отуруп калдым. Мен үчүн жашоо бүттү, сүйүү бүттү… Ооба акыркы жолу болду, балким бул менин акыркы демимдир деп да ойлоп кеттим. Кайрадан жок! - деп ордумдан ыргып турдум.
- Эч качан акыркы болбойт! Жок! Бул деген менин бактым! Бул менин сүйүүм! Менин сүйүүм сен! Сен!

Бакырганымдан улам байкеси мени жакалап кирди.

- Кет дейм! Итти да кет десең кетет!, - Мен ага карабай, мен кетсем силерди алып кетем! Байкеси бир уруп жыгылта койду. Иниси экөө дагы мени урганы калышканда эшик тарс эте ачылды. Анын апасы турду, эми баары бүттү дедим. Ал дагы сага берчүү кызым жок деп айтат дедим. Бирок акыркы үмүтүм болчу, ордумдан туруп:

- Апа мен кайрадан келдим, кечирип коюңузчу, кызыңызды алып кетейин…
- Менин сага бере турган кызым жо…

Ал сөзүн айтып бүтө электе эле артынан аялым чуркап чыгып, мага карай келе жатты. Мен да ага чуркадым, кучактадым. Биз ыйладык. Бизди көрүп баары ыйлады. Аялымдын жыпар жытынан жытап, жүзүнөн өпкүлөп:
- Мени менен кетесиңби? Мен сени таарынтпайм, сөз берем!, - деп айтып жаттым.
Аялым да кучагымда ыйлап, мага карап:

- Кантип? Кантип кетпейин? Мен анын сөзүнөн соң, дагы да бекем кучактадым. Бир убакта балдарым да чуркап келишти. Мен аларды баягыдай кучактап, көтөрүп, колумдан түшүрбөй унаага алып бардым. Алар унаадагы оюнчуктарды көрүп сүйүнүп кетишти. Мен аларды отургузуп коюп, апамдын, байке, кайын инимдин жанына келдим. Аялым жанымда мени колтуктап, эч кимге бербечүдөй кармап турат. Агасы менен инисинен кечирим сурадым. Үчөөбүз кучакташып кечириштик. Апам да мени кечирип, кайрадан ак батасын берди. Неберелери менен коштошоюн десе, алар болбой унаадан түшпөй коюшту. Алардын кубандырганы «биз түшпөйбүз, силер алып каласыңар, биз атам менен кетебиз» дегени болду. Аялым да унаага отуруп, биз узап кеттик. Артта балдарым оюнчуктарын ойноп, жыргап баратышат. Жашоомдун жарыгы болгон жарым мага жөлөнүп алган, мен аны бешенесинен сүйүп, колунан жылуу кармап, бакыттын кушун кондуруп үйгө бара жатам. Эң башкысы мен бакыттын ачуусунда, таттуусун да таттым.

Ооба, бул биздин акыркы жолку таарынычыбыз, акыркы жолу айрылышканыбыз, биз эми түбөлүк биргебиз жана бактылуубуз…

Эгерде окуп ыйласаңар ошол көз жаш менен Аллахымдан ыйлап-ыйлап кечирим сурап коюңуздар. Мен үчүн дуба кылганды да унутпагыла...

Келгиле урушуп-таарынышканыңар акыркы жолу болсун. Ал эми жарашып, кол кармашып, бирге болгонунар түбөлүктүү болсун.

Совет Турдукулов Ак Булут

Пикир

Оставить комментарий