• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

"Ала-Арча" көрүстөнүндө Эл артисти Геннадий Базаровдун эстелиги орнотулду

Маданият 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө КР Эл артисти, II даражадагы "Манас" орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, жана сценарист Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды.

Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, Базаровдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын жана улуу иштерин даңазалап, баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгилеп өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Геннадий Базаров таланттуу кинорежиссер, коюучу, сценарист, прозаик гана эмес эң негизгиси ал мыкты насаатчы жана мыкты инсан болгонун эскерип, тасмаларында өзүнүн кеңири дүйнө таанымын, заманбап көз карашын сунуштап, көрүүчүлөрдү жаңыча ойлонууга багыттап турган белгиледи.

Ошондой эле, замандаштарынын атынан Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Таалай Кулмендеев, кесиптештеринин атынан Роза Айтматова, Эл артисттери Манас Мусаев жана Назира Мамбетова, туугандарынын атынан жубайы Райва Тойгонбаева сөз сүйлөп, эстеликти орнотуу үчүн салым кошкон ар бир атуулга, эстеликтин скульптору Тамила Маматовага, долбоордун автору Эмиль Тилековго ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын аягында катышуучулар эстеликке гүл коюп, куран окулду.


Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы районунда төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктаган. 1965-жылы ВГИКтин режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн. Базаровдун ысымы кыргызстандыктарга гана белгилүү эмес – улуттук кинонун чебери тарткан тасмалар көптөгөн өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Ал автордук кыргыз киносун түптөөчүлөрдүн бири. Өткөн жылы II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган.

Анын "Саманчынын жолу", "Буктурма" жана башка тасмалары өлкөнүн кино хроникасына түбөлүккө жазылган.

Эске салсак, Геннадий Базаров былтыр, 2023-жылынын 6-февралында көз жумган, маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Пикир

Оставить комментарий