• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

“Ала-Арча” улуттук паркынын жылдык кирешеси 230 млн сомго жетти

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. “Ала-Арча” улуттук паркынын 1 жылдык кирешеси 51 миллион сомдон 230 миллион сомго жетти. Мындай көрсөткүчтөр Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин башкаруусунда жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу иш башкармалыктан билдиришти.

Бардык аракеттер парктын инфраструктурасын жакшыртууга, аны туристтер үчүн тартылуусун арттырууга жана аймактын экономикалык өсүшүн камсыздоого багытталганы белгиленди.

Жаңыланган мейманкалар

Жаңылануунун негизги этаптарынын бири - мейманканаларды капиталдык ремонттон өткөрүү иштери. Бул эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.

- «Ак-Бата» мейманканасы - акылдуу кулпулар жана заманбап жашоо шарттары менен камсыздалып, конокторго коопсуздукту жана ыңгайлуулукту арттырды.
- «Ала-Арча» мейманканасы - жаңыланган мейманкана азыркы заманга шайкеш шарттар, жогорку сапаттагы жабдуулар жана ыңгайлуу атмосфера менен туристтерге кызмат көрсөтөт.

"Теплые Ключи» дарылоо борбору толук реконструкцияланды

Өзгөчө көңүл бурулган объекттердин бири болгон «Теплые Ключи» дарылоо борбору мурда толук иштебей келген. Масштабдуу жаңылануунун алкагында борбордун бардык объектилери капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

- Бассейн заманбап суу тазалоо технологиялары менен кайра курулду;
- Бардык коттедждер жана инфраструктура жаңыланды;
- Борбордун аймагында ресторан курулуп, коноктор даамдуу тамактануу алышат.

Мындай өзгөрүүлөр борборду өлкөдөгү негизги дарылоо объектине айлантты. «Теплые Ключи» борбору реконструкциядан кийин 17 млн сом киреше алып келди жана ал улам өсүүдө.

Заманбап эс алууга карай жасалган кадамдар

Ала-Арча паркы дагы да эс алуучуларга жаңы шарттарды түзүүдө.

- A-Frame Glamping коттеджерин ишке киргизүү — табигый ландшафтка шайкеш келген, стилдүү жана экологиялык жактан таза коттедждер туристтерге табигатка максималдуу аралашуу менен ыңгайлуу эс алууну шарттады.
- A-Frame Glamping коттедждеринин жанында ресторан курулуп, айланасындагы тоолорго эң кооз көрүнүш түзүлдү. Бул ресторан конокторго ачык асманда даамдуу жана сапаттуу тамактанууну сунуштайт.

Санариптик система кирешенин жогорулашына шарт түздү

Паркка санариптик система киргизилип, бул анын кирешесин бир нече эсе жогорулатууга шарт түздү. Накталай эмес төлөмдөргө өтүү жана жаңы технологияларды киргизүү парктын кирешесин бир нече эсе арттырды. Тактап айтканда, парктын 2022-жылы 51 млн сом болгон бюджети, 2024-жылы 230 млн сомго жетти.

Экологиялык демилгелер

Паркты өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү катары жүздөгөн дарактар отургузулду, бул экосистеманы жакшыртууга жана коноктор үчүн жагымдуу атмосфераны түзүүгө көмөк көрсөтөт.

Жол инфратүзүмү жана жарыктандыруу

Парктын аймагында жаңы асфальт төшөлүп, заманбап жарыктандыруучу система орнотулду. Бул күндүзгү жана түнкү убакта коопсуздукту жана ыңгайлуулукту арттырат.

Алдыдагы пландар

2024-жылы 2000 орундук унаа токтотуучу жай курулуп, жеке унаалардын кирүү маселеси чечилет. Бул парктын аймагына келгендердин санын дагы да арттырып, паркка кирүүнү жеткиликтүү кылат. Ошондой эле, туристтерди ташуу үчүн электр унаалар системасы киргизилет. Бул экологиялык багытта паркка оң таасир берет жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Алдыда экологиялык таза мейманкана жана жаңы эс алуу үйлөрүн куруу пландары бар, бул бардык келүүчүлөр үчүн ыңгайлуулукту дагы жогорулатат.

Мындан тышкары, паркты өнүктүрүүнүн алкагында асма жолду куруу пландалууда, бул инфраструктуранын маанилүү бөлүгү болуп, туристтер үчүн бийик тоолуу аймактарга жетүүнү оңойлотот.

Пикир

Оставить комментарий