Бишкек, 10.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы 9 ай бою иштеген лыжа базасы кайрадан жанданат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде "Ала- Арча" кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы мекемесинин директорунун орун басары Кубанычбек Жекшенбеков билдирди.
Анын айтымында, совет маалынан калган парктын төрүндөгү лыжа базасы урап, жараксыз болуп калган. Объект жакын арада оңдолот.
"Совет маалында, олимпиада оюндарына барган, спортчулардын баары мына ушул жерден даярданышчу экен. Биз азыр ошону кайра жандырганы жатабыз. Учурда бул база уранды болуп талкаланып, иштебей турат. Оңдоп-түзөө боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат",-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий