• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Кумтөр” ишканасынын кызматкерлеринин айлык акысы кыскартылбайт

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. “Кумтөр” ишканасынын кызматкерлеринин айлык акысы кыскартылбайт. Бул тууралуу маалымат жыйында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер 28-майда аванс алат, ал эми айлык 15-июнда берилет.

“Кызматкерлердин санын көбөйтүү пландалууда. “Алтынкен” жана “Эти Бакыр Терексай” ишканаларында кызматкерлер жетишсиз. “Кумтөрдө” жумушчуларды даярдап, башка кендерге иштөөгө жиберебиз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий