• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ала-Букада акимдин кубогу үчүн волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда окуучулар арасында акимдин кубогу үчүн волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кичи футбол балдар арасында өткөрүлүп, жыйынтыгында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Т.Балтагулов мектеби, райондун прокурору Ч.Осмоналиевдин командасы жеңишке жетишип, 1-орунду багындырды.

Ал эми 2-орунду Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн Н.Жайлобаев мектеби, “Кадастр” мекемесинин жетекчиси Н.Дуулатовдун командасы ээлесе, 3-орунду Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн Октябрь мектеби, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Ж.Токтогуловдун командасы ээледи.

Ал эми волейбол боюнча мелдеш кыздар арасында өткөрүлүп, 1-орунду Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн А.Атамов мектеби, Ак-Коргон кесиптик лицейдин жетекчиси З.Кулбаеванын командасы, 2-орунду Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн Р.Кулуев мектеби, акимдин орун басары А.Жунусалиеванын командасы, 3-орунду Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Токтогул мектеби, ОАА жана МСЭК борборунун директору Б.Мамбетованын командалары багындырды.

Райондун акими Кайырбек Чаргынбаев жана райондун прокурору Чынгыз Осмоналиев райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана окуучуларга ыраазычылыктарын билдирип, сыйлыктарды тапшырышты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратов билдиргендей, иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ал спорт - достукка көпүрө болгондуктан, мектептер аралык спорттук оюндарды дагы да болсо улантууга кызыкдар экендигин белгилеп, колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий