• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Владимир Кличко спорттук карьерасын токтотконун жар салды

Спорт 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Украиналык белгилүү спортчу, 1996-жылдын олимпиада чемпиону жана дүйнө чемпиону Владимир Кличко спорттук карьерасын токтотконун жарыялады. Эскерте кетсек, Кличко апрелде британиялык Энтони Джошуа менен беттешип, жеңилип берген.

“Уэмбли” стадионунда өткөн чемпиондук таймашта Джошуа 41 жаштагы Кличкону 11-раундда жеңип алган. Украиналык спортчу карьерасын токтотконун өзүнүн www.klitschko.com сайтында жарыялаган. Аталган сайт көп өтпөй жабылып калган.

Кличко спорттон 64 жеңиши менен кетип жатат, алардын 53- нокаут жана 5 ирет жеңилген.

Пикир

Оставить комментарий