• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ала-Бука районунда аутизм боюнча эки күндүк семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. 5-6-мартта Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда "Аутизм деген эмне? Балдарыбызга кантип жардам бере алабыз" темасында семинар өткөрүлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, семинарга Ала-Бука айыл аймагына караштуу 7 мектептин социалдык педагогдору, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга багытталган “Кадам сайын кадам”, “Сезимтал бала” инклюзивдик ийримдери бар. Ошондой эле учурда СDI (Crosslink Development International) Эл аралык өнүктүрүүчү кайрымдуулук фондунун колдоосунда 8 айыл аймагынан логопед-деффектолог мугалимдер даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий