• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тогуз-Торо райондук милициясындагы кемчиликтер жоюлууда

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-октябрда КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жала-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоочу жайы 2013-жылы жаңы курулган. Ар бир камеранын асты жыгач тактайча менен жабдылып, үстүнө линолеум төшөлгөн. Убактылуу кармоочу жайда кармалгандар жууркан жана төшөнчү менен камсыз болгон. Учурда керебет менен толук камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Кыш мезгилинде райондогу суук -30, -40 градуска чейин төмөн түшкөндүгүнө байланыштуу РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын жуунучу жайынын эшиктери жана дубалдары жарылып, жарактан чыга баштаган. Ал эми суу системасы райондун таза суу түтүгүнө уланган. Бирок жалпы район ичинде суу менен камсыздоо кыйынчылык жаратат. Тактап айтканда сутка ичинде 2 саат гана суу берилет.

Белгиленгендей, УКЖда кармалган ар бир айыпталуучу үчүн 3,25 чарчы метр жер болушу керек. Жакынкы ЖАМК Тогуз-Торо районунан 150 чакырым алыс болгондугуна байланыштуу кээде айыпталуучулар көбөйүп кеткен учурлар болот.

Жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу максатында Тогуз-Торо РИИБдин начальнигинин демилгеси менен демөөрчүлөр табылып, тиешелүү курулуш материалдары жана каражаттар алынып, оңдоп-түзөө иштери башталуу алдында турат.

"РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын санитардык-гигиеналык абалы жакшы. Райондук санэпидкөзөмөл борбору менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1 айда 3 жолу залалсыздандыруудан өткөрүлөт. Убактылуу кармалган айыпкерлерди кармоо астында райондук ооруканада денесиндеги жаракаты боюнча кароо жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Убактылуу кармоочу жайда КРнын Жазык кодексинин 161-беренеси менен айыпталып кармалып турган А.А.нын 2021-жылдын 9-июлунда Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы тарабынан чыккан бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз камакта калтырылсын деген токтом өздүк делосуна тиркелгенине карабастан текшерүүчүлөр кемчилик катары жазышкан. Бул боюнча райондук соттун төрагасынын атына токтомго кайсы күнгө чейин кармалыш керек так датасын жазылуусун жана кайсы УКЖда кармалыш керек экендигин токтомго көрсөтүп коюлушу керектиги боюнча жазуу түрүндө кат жөнөтүлдү.

Ал эми КРнын Жазык кодексинин 161 жана 180-беренеси менен айыпталган А.у.А. 2020-жылдын 7-декабрдан 2021-жылдын 13-январына чейинки бөгөт коюу чарасы боюнча токтому башка папкага тиркелип калып текшерген учурда чыкпай калган. Бул катачылык ордуна коюлду.

Бүгүнкү күндө Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып тургандардын өздүк делосунда иш кагаздар толук жана мыйзамсыз кармалгандар жок.

Эскерте кетсек, КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбековдун жетекчилигиндеги топ “Укук кербени” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБ убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) мониторинг жүргүзүшүп, анын натыйжасында бир катар кемчиликтер аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий