• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Укук кербени”. Тогуз-Торо РИИБнин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбековдун жетекчилигиндеги топ, “Укук кербени” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБ убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Мониторинг учурунда белгилүү болгондой, камераларда керебеттер жетишпейт, ошол себептен кармалып турган адамдар линолеум төшөлгөн полдун үстүндө жатышат. Камерадагы аянтчалар киши башына 3, 25 чарчы метр болушу керек деген ченем сакталбайт. Сейилдөөчү короодогу ажаткана менен душ кейиштүү абалда. Душу иштебейт.

“Мунун баары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын бузууга жатат. Аталган беренеде, “Шектүүлөргө жана айыпкерлерге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген гигиеналык, санитариялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген тиричилик шарттар түзүлөт.Шектүүлөргө жана айыпкерлерге өзүнчө уктай турган орун берилет. Шектүүлөргө жана айыпкерлерге жууркан-төшөк, идиш-аяк жана тамак-аш ичип-жей турган буюмдар берилет.

Бардык камералар радио уктуруу каражаттары менен, ал эми мүмкүнчүлүккө жараша - телевизорлор, муздаткычтар жана желдетүүчү жабдуулар менен камсыз кылынат. Камераларга камакта кармоо жайынын китепканасынан, болбосо көрсөтүлгөн жайлардын администрациясы аркылуу сатып алынган адабият, ошондой эле стол оюндары берилет.

Камерадагы бир адамга туура келген санитардык аянттын ченеми 3,25 чарчы метр өлчөмүндө белгиленет”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалып тургандардын өздүк иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болгондой, аларды убактылуу кармоочу жайга киргизерде КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2010-жылдын 24-мартында бекитилген унификацияланган бирдиктүү форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлбөйт.

Ошондой эле айрым кармалгандардын өздүк иштеринде аларга карата бөгөт коюу чарасын тандоо тууралуу токтомдор жок болуп чыкты. Мисалы, айыпталуучу А.А. КР Жазык кодексинин 161-беренеси боюнча айыпталып, кармалып турат. 16-июлдан 21-сентябрга чейинки бөгөт коюу чарасы тууралуу чечими жок. Ал эми айыпталуучу А.у А. КР Жазык кодексинин 161 жана 180-беренелери боюнча айыпталып кармалып турат, анын өздүк ишинде 2020-ылдын 7-декабрынан 2021-жылдын 13-январына чейинки бөгөт коюу чарасы боюнча токтом жок.

Кармалган А.А. менен маектешүү учурунда белгилүү болгондой, соттук териштирүү 6 айдан бери создугуп жатат. Анын себеби адвокаттын жоктугу менен түшүндүрүлдү. Бул боюнча КР Акыйкатчы аппаратынан КР Юстиция министрлигине кайрылуу жөнөтүлүп, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам багыты боюнча акысыз адвокат берүү маселеси суралат.

Аныкталган башка кемчиликтер боюнча тиешелүү органдарга кайрылуулар жөнөтүлөт.

Эске салсак, бул долбоорду ишке ашырууга Европа Биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү 2-фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий