• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кызыл-Кыяда мөндүр аралаш жаан жаап, 10 гектар эгин жерин сел суулары каптады

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жааган жаандан улам И. Жусубалиев көчөсүндөгү балдар бакчасынын жана бир турак үйдүн короосуна суу толгон. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жерине шаардагы ӨККБнөн 2 бөлүмдө 6 куткаруучу тартылган.

Ведомствонун маалыматында айтылгандай, материалдык чыгым жана жабыр тарткандар болгон жок.

Ал эми Баткен районунун Таян айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, бир чакырымга жакын ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү, 10 гектарга жакын эгин талааларын сел суусу каптаган. Болжол менен 1 км арык кум, шагылга толгон.

Жеринде аймактык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий