Ала-Бука районунда заманбап медициналык борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Ала-Бука районунун Келте айылында облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар заманбап "Бакыт" медициналык борбору ишке берилди.

Райондук администрациядан билдиришкендей, ачылуу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Заманбап жабдыктар менен камсыздалган медициналык борбор эки жыл аралыгында курулуп, анда хирургия, терапия, гинекология бөлүмдөрү, диагностикалык борбор жана компьютердик томография аппараттары орнотулган.

Мекеме "Медикал трейд" жоокерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан жер аянты ажыратылып берилген. Мындан сырткары алдыдагы убакытта ооруканага баруучу жолго асфальт төшөлөт. Ал үчүн облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 4,5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мындай медициналык борбордун ишке берилишин район эли көп жылдардан бери күтүп келе жатканын айтып, тургундарды жакшы саамалык менен куттуктады.

Райондун акими Кайырбек Чаргынбаев жаңы медициналык мекеме калктын саламаттыгын бекемдөөгө ыңгайлуу шарт түзөөрүн айтып, курулуш иштерине жакындан көмөк көрсөткөн инсандарга ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чарада медициналык борбордун курулушуна салым кошкон бир катар кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий