• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Ошто жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Ош шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаар мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Тактап айтканда, шаар башчысы жолду капиталдык оңдоо жана тротуарларды куруу иштери жүрүп жаткан Жогорку Увам көчөсүнө барды. Ал жердеги төшөлгөн жолдун жалпы узундугу 278 метр, туурасы - 6 метр, ал эми тротуардын туурасы - 1,5 метрди түзөт.

Жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү менен катар ирригациялык арыктарды орнотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жумуштар болжол менен 10 күндүн ичинде бүтүшү керек.

Калаа башчысы эскилиги жеткен арыктарды алып салуу менен бирге аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары, мэр Масалиев көчөсү менен Шамшиева көчөсү кесилишкен жерден Раззаков көчөсүнө чейинки жолдун капиталдык асфальттоо долбоору менен таанышып чыкты.

Бул жерде жолдун узундугу 3 км, туурасы 22-25 метр, асфальт төшөлгөн жалпы аянты болжол менен 70 миң квадрат метр болот. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бордюрларды орнотуу, заманбап жол белгилерин орнотуу мерчемделүүдө.

Жумуштар унааларга тоскоол болбошу үчүн кечки жана түнкү убакыттарда жүргүзүлмөкчү. Андыктан мэрия жакынкы арада капиталдык асфальт төшөө иштери башталарына байланыштуу унаа ээлерин жумуш учурунда унааларын жол боюнда калтырбоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий