Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда 25 турак үй сел каптоо коркунучунан корголду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан бардык аймактарда өтүп жаткан штабтык машыгуусунун алкагында бир катар алгылыктуу иштер жүрүүдө.
"Алсак, Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылдык аймагынын Курманжан-Датка айылындагы сел өткөрүүчү каналды тазалоо ишин жүргүзүштү. Бул каналды тазалап, жээктерин бекемдөө менен 25 турак жайды сел каптоо коркунучунан коргоого болот", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле машыгууга Жарандык коргонуу кызматтары катышып, эскирип калган электр чубалгалары алмаштырылды. Жалпы 3 инженердик техника тартылган.
Пикир
Оставить комментарий