• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кара-Көл шаарындагы 45 турак жай сел сууларынан корголот

Аймак 0

Бишкек, 30-июль /Кабар/. КР ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя көчөсүндөгү сел каналды казып тазалоо жумуштары аткарылууда.

Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя көчөсүндөгү 45 турак жайга сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралып жаткан узундугу 600 метр сел каналды казып, тазалоо жумуштары үчүн КР ӨКМги тарабынан 900 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилди. Жергиликтүү айыл аймак тарабынан 1 бирдик эксковатор техникасы жумушка тартылган. Бүгүнкү күнгө узундугу 450 метр сел канал казылып, тазаланып бүтүп, жумуш уланууда.

ӨКМ жана жергиликтүү аткаруу бийлиги биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында Ак-Кыя көчөсүндөгү 45 турак жай жана ички чарбалык автоунаа жолу корголот.

Пикир

Оставить комментарий