• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэри Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мэр калаанын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл койду.

Эскерте кетсек, "Аксы" окуясы - 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя. 2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге ок атылган.

Пикир

Оставить комментарий