• 87
  • 91.26
  • 0.84

Алайда ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жер тилкелери берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда ата-энесинин камкордугусуз калган жетим балдарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Алай районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан жалпы аянты 836,0 чарчы метр түзгөн жер тилкеси Жер кодексинин талаптарын бузуу менен жеке жаранга мыйзамсыз ажыратылып берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан Ош облусунун административдик сотуна доо арызы берилип, кароонун жыйынтыгында жогорудагы токтом жараксыз деп табылып, жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилген.

Буга байланыштуу райондук прокуратура тарабынан Ош облусунун Административдик сотуна доо арыз келтирилип, жыйынтыгы менен аталган жер тилкесине берилген тийиштүү документ жараксыз деп табылып, муниципалдык менчикке кайтарылган.

Ага ылайык, Гүлчө айыл аймагында каттоодо турган тоголок жетим балдарга ажыратып берүү чечими чыккан. Айыл тургундары 2008-жылы туулган М.Р. га 416 чарчы метр жана 2007-жылы туулган А.Г. га 420 чарчы метр жер тилкелери турак жай куруу үчүн бөлүнүп, жер тилкелерине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары берилди.

Пикир

Оставить комментарий