• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алайда Сопу-Коргон - Терек айылдарын бириктирген унаа жол бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Алай районунда Сопу-Коргон - Терек айылдарын бириктирген унаа жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июнда кечке жуук Алай районунун аймагында катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен бир катар айылдарда сел жүргөн.

Алсак, селдин кесепетинен Терек айылында 1 турак үйдүн ичине, 12 үйдүн, Алтын-Кен тилкесинде 2 үйдүн короо-жайларына кум-шагыл толгон. Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолду сел калдыктары жаап каттам үзүлгөн, 1 электр мамычасын сел агызып кеткен.

Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов координациялоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ, Мониторинг жүргүзүү департаментинен кызматкерлер иш алып барууда. Жеринде 42 куткаруучу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 бульдозер тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Тартылган техниканын жардамында Сопу-Коргон - Терек унаа жолу сел калдыктарынан тазаланып, бир тараптуу ачылып кеңейтүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий