• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында борбордук базар дезинфекияланды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кечээ, 16-мартта Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда коронавирус илдетин алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дезинфекция иштери кечке маал соода-сатык аяктаганда жүргүзүлдү. 17-марттан тарта борбордук базар ишин улантат. Коронавирусту алдын алуу максатында дезинфекция иштери Жалал-Абад шаарынын аймагындагы башка да базарларда жана соода борборлорунда жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, дезинфекция иштери бала-бакчаларда, коомдук транспортто жана эл көп чогулган жерлерде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий