• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолуна жаңы көпүрө салынууда

Аймак 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолуна жаңы көпүрө салынууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы Ала-Арча дарыясынан өткөн көпүрөнү демонтаждоо иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө көпүрөнүн негизин салуу үчүн котлован казуу иштери толугу менен аяктап, бетон аралашмасын куюу иштери пландалып жатат. Долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 23 метрди, туурасы 13 метрди түзөт.

Маалымат үчүн: Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрө жараксыз абалга келгенине байланыштуу 24-июлда каттам жабылган. №25 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан темир-бетондон убактылуу көпүрө салынып, унаалар үчүн каттам камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий