• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарын облусунда 389 маданият кызматкери аттестациядан өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Нарын облусунда 389 маданият кызматкери аттестациядан өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия аймактардагы маданият тармагында иштеп жаткан кызматкерлерди аттестациялоо иштери уланууда.

"Бул жолку аттестациялоо 10-15 декабрь - күндөрү Нарын облусунда өтүп, Ак-Талаа районунан – 67, Кочкор районунан -92, Жумгал районунан – 56, Ат-Башы районунан -57, Нарын району -100 жана Нарын шаарынын – 17 кызматкер аттестацияга катышып, жалпы саны 389 түздү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган комиссия Ысык-Көл облусунда ишин улантып жатат.

Пикир

Оставить комментарий