Аламүдүн районунун Байтик айылына заманбап спорт комплекси курула баштады

Аймак 0

Бишкек. 11.09.23. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы орто мектепте заманбап спорт комплексинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, Аламүдүн районунун акими Мурадин Тешебаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Канат Жумагазиев жаңы спорт комплексинин жергиликтүү калк жана өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Облус жетекчиси ушул иштин баары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы, колдоосу менен ишке ашып жатканына токтолду. Ал Чүй облусунда учурда 60тай социалдык объект курулуп жаткандыгын айтып, билим күнүнө карата 7 мектеп ишке берилгениндигин, жыл аягына чейин дагы 7 мектеп баштаган социалдык объектилер ишке берилерин кошумчалады.

Аталган спорт комплекстин курулушуна 50 млн сом сарптоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий