• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Аламүдүндө бир нече велосипед уурдады делип Бишкектин 19 жаштагы тургуну кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда бир нече велосипед уурдады делип Бишкектин 19 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына Көк-Жар айылынын жашоочуларынан эки арыз түшкөн. Анда белгисиз бирөө Көк-Жар айылынан велосипеддерди уурдап кеткени жазылган. Келтирилген материалдык чыгым 70 миң сомду түзгөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 19 жаштагы Ш.Д. аттуу жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Мындан сырткары, кармалган жарандын Бишкек шаарынын аймагында да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалыматтар текшерилүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий