• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лейлекте аткезчилик менен дары-дармек ташыган Тажикстандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Лейлекте аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери алдын ала ыкчам маалыматтардын негизинде дары-дармектерди мыйзамсыз ташыган жаранды аныктап кармашты.

Тажикстандын жараны 51 жаштагы Х.А. менен Лейлек районунун тургуну 37 жаштагы Э.М. өз ара акча табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алышып, эч кандай документи жок мыйзамсыз дары-дармектерди Тажикстандан Кыргызстанга киргизишкен.

Тажикстандын жараны Х.А. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Э.М. аттуунун автоунаасына түн ичинде жүктөп жаткан жеринен кармалган. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси ("Экономикалык контрабанда") менен 378-берене ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорудагы фактылар боюнча топтолгон материал караштуулугу боюнча УКМКга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий