• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Аламүдүндө Ора аттуу кызматтык иттин жардамы менен жоголгон кыз табылды

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Тескөөчү-кинолог Эрмек Жумамудунов Ора аттуу кызматтык ити менен бирге Аламүдүн районунда жоголгон 7 жаштагы кызды тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда болжол менен саат 23:00до "102" кызматына Маевка айылында 7 жаштагы кыз жоголгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аламүдүн районунун ИИБдин кызматкерлери айгай боюнча көтөрүлүп, кызды издөөгө ыкчам-тергөө тобу тартылган.

Билдирүү боюнча окуя болгон жерге ИИМдин БМЖКККнын Кинология борборунун тескөөчү-кинологу Эрмек Жумамудунов жыт аркылуу адамдарды издеген Ора аттуу кызматтык ити менен келген. Бир нече тилкени тинтиген ит кинологду жолдун жээгиндеги бадалдардын жанына алып келген. Ал жерде тоңуп, коркуп отурган жогорудагы кыз табылган.

Белгилеп кетүү керек, жоголгон кызды ит тапкан. Кызматтык ит кыздын кийиминдеги жыт аркылуу изине түшкөн. Табылган кыз туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий