• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жарманкелер уюштурулду. Дареги

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бишкекте ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жарманкелер уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жарманке КР министрлер кабинетинин ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмасына ылайык, Айыл чарба министрлиги, КР Ун комбинаттары ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте уюштурулган.

Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай кластерлери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исхак Анарбеков Кыргызстанда ундун көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок экенин билдирди.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

- “Ош” базары;
- “Аламедин” базары (“Табылга” соода борборунун аялдамасы);
- “Орто-Сай” базары (“Оберон” бөлүмүнүн кире бериши);
- “Дордой фут” базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы:

- жогорку сорт — 1 860 сом;
- 1-сорт — 1500 сом;
- 2-сорт — 1125 сом.

Буга чейин казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50%ын Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий