• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Алимбаев: Тажик өкүлдөрү үйлөрдү өрттөп, тоноо менен алек болууда

Аймак 0


Бишкк, 17.09.22. /Кабар/. Ак-Сай аылына элдер кирип жатат, аскер кызматкерлери да ошол жерде жүрөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, учурда Лейлек районундагы чек арага жакын Жаңы-Жер айылы көйгөйлүү маселе болууда. "Ошондой эле чек арага жакын жайгашкан Борбордук, Арка айылдарына Тажикстандын адамдары келип, үйлөрдү өрттөө, тоноо менен алек болууда. Биз муну тажик өкүлдөрүнө да айтып, катуу талап коюп жатабыз. Учурда ок атууну толук токтотуу, техникалардын чек ара аймагынан алып чыгып кетүү багытында иш алып баруудабыз", - деди ал.

Облус башчысы Жаңы-Жер айылына күч структураларын киргизүү керектигин баса белгиледи.

"Бүгүн да бир катар айылдарда атышуулар болуп кетти. Интернет булактарында такталбаган, далилденбеген маалыматтар тарап жатат. Ошондуктан баардыгыңыздарды такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырам", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий