• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Алишер Усманов Эл аралык фехтование федерациясынын президенттигинен баш тартты

Спорт 0

Ташкент, 05.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Россиялык ишкер Алишер Усманов Эл аралык фехтование федерациясынын (FIE) президенти катары ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен токтотту. Бул тууралуу ишкердин өкүлү билдирди.

"Алишер Усманов мындай кадамга өзүнө коюлган мыйзамсыз сакциялардын Эл аралык фехтование федерациясына таасирин тийгизбөө үчүн барган. Ушундан улам федерациянын аткаруу комитети анын президент катары ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотту. Баары мыйзамдын жана адилеттиктин чегинде чечилиши керек", - деди Усмановдун өкүлү.

Эскерте кетсек, ишкер 30-ноябрда Ташкентте өткөн федерациянын курултайында 120 добуш алып, FIE`нин президенти болуп кайра шайланган. Анын атаандашы Швециянын фехтование федерациясынын президенти Отто Дракенберг 26 добуш алды.

А.Усманов FIE`ни 2008-жылдан бери жетектеп келет. 2021-жылдын ноябрында өткөн шайлоодо жалгыз талапкер катары жаңы мөөнөткө федерациянын президенти болуп кайра шайланган. 2022-жылдын мартында ал Евробиримдик тарабынан ага каршы киргизилген санкциялардан улам "адилеттик орногонго чейин" ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон. Ошондон бери FIE`нин президентинин милдетин грециялик Эммануэль Кациадакис аткарып келет.

Пикир

Оставить комментарий