• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргыз хоккейчилери Исландиянын командасына жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кечээ, 12-декабрда хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунун экинчи баскычында Исландиянын командасы менен беттешти.

Улуттук курама Исландиянын командасына 9:4 эсебинде жеңилүүгө учурады. Кыргызстандык хоккейчилерден Кузьма Терентьев, Владимир Тонких жана Владимир Ничипуренко (2 жолу) шайбаны каршылашынын дарбазасына киргизди.

Эскерте кетсек, мелдеш 12-15-декабрда Румыниянын Брашов шаарында өтүүдө. Бүгүн кыргыз хоккейчилери Румыниянын командасы менен оюн өткөрөт.

.

Пикир

Оставить комментарий