Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ишкерлер, бизнес-ассоциациялардын, ошондой эле соода борборлорунун жана базарлардын профсоюздарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар салык салуу боюнча кеңири маселелерди талкуулашты.
Көтөрүлгөн темалардын арасында ишкерлердин учурдагы көйгөйлөрүнө, салык мыйзамдарындагы кемчиликтерге, ошондой эле электрондук эсеп-фактураларды жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды киргизүү жана колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ишкерлер бизнес жүргүзүү процессинде пайда болгон кыйынчылыктар тууралуу, анын ичинде салыктык эсепке алуунун санариптик куралдарын колдонуудагы оорчулуктар, ошондой эле салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана салык мыйзамдарын өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кеңири айтып беришти.
Алмамбет Шыкмаматов көтөрүлгөн маселелерди уккандан соң маселелердин ар бирин талдоого даяр экендигин билдирди. Ал Салык кызматы менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Салык салууда тең салмактуулукту сактоо керек. Ал мамлекет үчүн дагы, салык төлөөчүлөр үчүн дагы пайдалуу болуп, экономиканын өнүгүшүнө дем берип жана салык милдеттенмелерин аткарууга көмөк көрсөтүшү керек", — деди Салык кызматынын башчысы.
Мындан сырткары, Салык кызматынын төрагасы мындай жолугушууларды өткөрүү натыйжалуу жана ачык-айкын салык системасын түзүүдө негизги ролду ойноорун баса белгиледи. Анын айтымында, бизнес-коомчулук менен диалог түзүү ишкерлердин реалдуу керектөөлөрүн эске алууга жана ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар маселелерди терең талкуулоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ар кандай аянтчаларда өз ара аракеттенүүнү улантуу жөнүндө макулдашты.
Пикир
Оставить комментарий