• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Алматы – Бишкек – Ташкент унаажолунун Бишкекти айланып өтүүчү тилкеси реконструкцияланат

Коом 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Алматы – Бишкек –Ташкент унаажолунун Бишкекти айланып өтүүчү тилкеси реконструкцияланат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Алматы – Бишкек – Ташкент унаажолунун Бишкек шаарын айланып өтүүчү тилкесинде учурда автоунаалардын агымы жогорулагандыгына жана жолдо аң-чөнөктөрдүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу реконструкциялоо талабы көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө 2019-жылы даярдалган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо иштери аяктады.

Аталган унаа жолдун Сокулук айылындагы МАИ постунан баштап Новопокровка айылына чейинки тилкесин реконструкциялоо каралууда. Жалпы жолдун узундугу 33,4 чакырымды түзөт.

Учурда министрлик реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууну каржылоого эл аралык каржы институттарына кайрылууларды жөнөтүп, каржы булагын табуу үстүндө иш алып барып жаткандыгын белгиледи.

24-июлда транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы директору Айтен Рустамова жана аталган банктын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушканда "Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо жана “Кара-Балта – Чалдабар автожолун реконструкциялоо” долбоорлорун талкуулаган.

Анда тараптар эки долбоор боюнча ишти жүргүзүүгө кызыктар экендигин билдирип, маселелерди деталдуу изилдеп, чечүү үчүн кошумча жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашкандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий