Бекболотов ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Казакстандын Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңештин отурумуна коргоо министри Бактыбек Бекболотов баштаган министрликтин расмий делегациясы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун башчылары уюмдун аймагындагы аскердик коопсуздук, чакырыктар жана коркунучтар жөнүндө пикир алмашышты.

Күн тартибине ылайык коргоо министрлери тарабынан жамааттык коопсуздук системасын жакшыртуу, анын ичинде жамааттык күчтөрдү курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалардын заманбап үлгүлөрү менен жабдуу жаатындагы бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү багыты боюнча ЖККУнун тынчтыкты сактоочу контингенттери менен машыгууларды даярдоо жана өткөрүү боюнча методикалык сунуштар бекитилди.

Кеңештин алкагында 28 гвардиячы-панфиловчулардын атындагы паркта өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий