Бишкек, 30.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 30-октябрынан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Өргүү учурунда Президент Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштейт.
Пикир
Оставить комментарий