• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

GPRO-Region 150: Дастан Шаршеев менен Иван Семиглядов тең чыгышты

Спорт 0

Бишкек, 30.10.17./Тумара Туратбекова – Кабар/. 28-октябрда Москва облусунун Подольск шаардык аймагында өткөн кикбокс жана тай бокс боюнча “GPRO-Region 150” турниринин негизги беттеши тең эсеп менен аяктады.

Төртүнчү раунддун жыйынтыгы боюнча Дастан-Али-Шаршеев жана кикбокс боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону москвалык Иван Семиглядов тең чыгышкан. Турнирдин уюштуруучулары балбандардын реваншы тууралуу расмий жарыя кылышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, калыстар тобу жыйынтыкты айткандай соң, Шаршеев GPRO чемпиону Артем Пашпоринди беттешке чакыра тургандыгын билдирди.

Шаршеев бирма боксу боюнча Азиянын чемпиону жана тай боксу боюнча Борбор Азия жана КМШ чемпиону.

Пикир

Оставить комментарий