• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сокулукта өрттүн кесепетинен бир аял каза болуп дагы үчөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 30.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ, 29-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында турак үйдүн чатырынан өрт чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт болжол менен саат 04:03 чамасында башталып, аны өчүрүү үчүн 2 өрт-өчүү кызматы тартылган.

Өрттүн натыйжасында түтүнгө ууланып бир аял каза болуп, 1950-жылы туулган эркек кишинин 70-80% денеси күйгөн. Анын аялы жана баласы да жабыркагандыгы айтылат. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Өрт саат 07:56да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий