• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-казак чек ара постунда ӨКМ тарабынан тамак-аш таркатуу улантылууда

Коом 0

Бишкек, 30.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 29-октябры күнү саат 14:00гө алынган маалымат боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек ара постунда 464 оор жүк ташуучу унаа, Панфилов районундагы Чалдыбар чек ара постунда 24 оор жүк ташуучу унаа, Аламүдүн районундагы Ак-Жол чек ара постунда 3 оор жүк ташуучу жана 11 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка чек ара постунда 115 оор жүк ташуучу жана 20 жеңил унаалар турат. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Аталган өткөрмө пункттарына КР ӨКМ тарабынан жалпы 17 чатыр тигилген. Чек арада тургандарга КР ӨКМи тарабынан тамак-аштар таркатылууда. 2017-жылдын 29-октябры күнү Ак тилек постунда тургандарга КР ӨКМи тарабынан 380 адамга тамак-аш таркатылды.

Ал эми 2017-жылдын 30-октябры күнү саат 07:40ка алынган маалымат боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек-ара постунда 371 оор жүк ташуучу унаа, Панфилов районундагы Чалдыбар чек ара постунда 17 оор жүк ташуучу жана 12 женил унаа, Аламүдүн районундагы Ак-Жол чек ара постунда 12 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка чек ара постунда 90 оор жүк ташуучу унаалар турат.

Пикир

Оставить комментарий