Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 17 объектти аукцион аркылуу ижарага койгонун жарыялады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, "Алтын Булак" пансионаты, жер тилкелери жана түрдүү максатта курулган муниципалдык мүлктөр онлайн-аукционго коюлат.
Төмөнкү объектилерди ижарага берүү боюнча аукциондор өтөт:
- ЛОТ № 1984.2 – Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Алтын-Булак" пансионатынын аянты 23 700 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси. Ошондой эле аймакта көл жээги да бар. Жер тилкесинен туташтырууга мүмкүн болгон ысык булагынын түтүгү өтөт.
- ЛОТ № 11022.1 - Бишкек, Молдобасанов көч. 8в дарегиндеги аянты 9 000 кв.м болгон жер тилкеси;
- ЛОТ № 11021.1 - Бишкек, Интергельпо көч. 2 дарегиндеги аянты 36 000 кв.м болгон жер тилкеси;
- ЛОТ № 11024.1 - Шопоков көч. (Жеңиш аянтынын түштүк бөлүгү) дарегиндеги аянты 11 467 кв.м болгон жер тилкеси;
- ЛОТ № 11033.1 - Бишкек, "Көлмө" конушу, Үсөнжапар/Дастан көч. дарегиндеги аянты 472 кв.м болгон жер тилкеси;
- ЛОТ № 11035.1 - Бишкек, Көлбаев көч. 42 дарегиндеги аянты 12,2 кв.м болгон тамактануучу жай үчүн тургузулган имарат;
- ЛОТ № 11034.1 - Бишкек, 3-чү линия көч. 25/1 дарегиндеги аянты 30,9 кв.м болгон тамактануучу жай үчүн тургузулган имарат;
- ЛОТ № 11037.1 - "Мурас-Ордо" конушу, №99 орто мектеп дарегиндеги аянты 110 кв.м болгон спорттук секциялар үчүн тургузулган имарат;
- ЛОТ № 11032.1 - Калык Акиев көч. 72 дарегиндеги аянты 85,6 кв.м болгон ар түрдүү максатта курулган имарат;
- ЛОТ № 11031.1 - Калык Акиев көч. 72 дарегиндеги аянты 92,5 кв.м болгон ар түрдүү максатта курулган имарат;
- ЛОТ № 11030.1 - Бишкек , Москва көч. 141 дарегиндеги аянты 76,6 кв.м болгон ар түрдүү максат үчүн тургузулган имарат;
- ЛОТ № 11029.1 - Бишкек, Тунгуч к/р 17/2 дарегиндеги аянты 225,2 кв.м болгон ар түрдүү максатта курулган имарат;
- ЛОТ № 1949.3 - Бишкек, Бейшеналиев көч. 31 дарегиндеги аянты 51,6 кв.м болгон ар түрдүү максаттар үчүн тургузулган имарат;
- ЛОТ № 11028.1- Бишкек, Асанбай к/р Г. Айтиев көч. 2/1 дарегиндеги аянты 329 кв.м болгон бассейн
- ЛОТ № 11025.1 - Бишкек, Кривоносов көч. 206 дарегиндеги аянты 30,9 кв.м болгон тамактануучу жай үчүн тургузулган имарат;
- ЛОТ № 11026.1-Чүй проспектиси Үмөталиев көч. (Ю-З) дарегиндеги унаа токтотуучу жай;
Белгилей кетсек, аукционго катышуу үчүн ЭЦП (электрондук цифралык колтамга) үчүн флеш-карта сатып алуу жана https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу каттоодон өтүү керек, ылайыктуу аукцион лотун табуу, маалыматтарды толтуруу жана катышуу үчүн код аркылуу төлөө керек.
Аукционго катышуу боюнча нускамалар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: https://docs.google.com/document/d/1cyipUwvq-_8HGfUVhR90LEaPTQw3UkAf/editч
Пикир
Оставить комментарий