• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Россиядагы КРнын 21 жаранынын 2,5 млн рубль өлчөмүндөгү эмгек акысы төлөндү

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Россияда “Профит Сервис Центр” ЖЧКсы Кыргызстандын 21 жаранынын эмгек акысын төлөбөй жүргөн.

КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 13-октябрында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин КР жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын 21 жаранынан эмгек акысы төлөнбөй жаткандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.

"Бул маселе боюнча консулдук бөлүмдүн кызматкеринин “Профит Сервис Центр” ЖЧКсынын өкүлү менен жолугушуусу уюштурулуп, жыйынтыгында бардык жарандарга 2 миллион 520 миң рубль өлчөмүндө эмгек акылары төлөнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий