“Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 25-апрелде өтөт

Билим 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 25-апрелде республиканын бардык аймагында бир убакта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2022-2023-окуу жылында “Алтын тамга” тестине 2 миң 23 талапкер катталган. Тестти өткөрүү үчүн 19 тест өткөрүү пункту түзүлдү.

“Алтын тамга” тестирлөөсү төрт милдеттүү окуу сабактары: математика, эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, өзбек тили жана өзбек адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча өткөрүлөт.

Тест толук бойдон окуу предметинин мазмунун билим берүү программаларына жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкештикте чагылдырат. Стандартташтырылган тест тɵмɵнкүдɵй түрдɵ берилет:

- жабык түрүндɵгү тапшырмалар (бир туура жоопту тандап алуу менен);

- ачык түрүндɵгү тапшырмалар;

- туура ырааттуулугун аныктоого берилген тапшырмалар;

- шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.

Белгилей кетсек, жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын ɵздɵштүргɵн жана X, XI класстар үчүн бардык окуу сабактары “5” (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге “Алтын тамга” тестине тапшыруу укугу берилет.

Пикир

Оставить комментарий