• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаңы маалыматтык технологиялар институту жаңы деңгээлге чыкты — Абдыкалыков

Билим 0


Бишкек, 29.10.21. /Уланбек Турдуканов – Кабар/. Бүгүн, 29-октябрда, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 20 жылдыгына карата, техника илимдеринин доктору, профессор Бейшенбек Укуевдин 70 жылдык мааракесине жана анын жаркын элесине арналган “Маалыматтык технологиялар — илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигинде” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өткөн иш-чарага Түштүк Корея, Румыния, Россия, Казакстан жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын окутуучулары, окумуштуулары, илим кызматкерлери жана IT өнөктөштөр катышты.

Конференциянын максаты — илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигинде маалыматтык технологиялар маселелерин кароо, Кыргызстанда өнүккөн санариптик коомду түзүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо.

Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева учурда дүйнөдө маалыматтык технологиялардын, жасалма интеллекттин заманы болуп жатканына токтолду.

“Окуу жайдын компьютердик лингвистика кафедрасы менен 2009-2013-жылдары Windows 7ни кыргызча которуу менен баштаганбыз. Институттун студенттери жыл сайын бизден практикадан өтүшөт. Мобилдик тиркемелерди жасайбызбы, компьютердик терминдерди кыргыз тилине которобузбу, улуттук тил комиссиянын жаңы ачылган сайттарынын бардыгын жаңылап берүүгө көмөк көрсөтүп келишет. Ошондой эле учурда жаңы маалыматтык технологияларды өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштерди жасадык деп эсептейм”, - деди Ишеналиева

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору Акымбек Абдыкалыков 2001-жылы түзүлгөн Жаңы маалыматтык технологиялар институту жаңы деңгээлге чыкканын маалымдайт.

“Бүгүнкү күндөгү эң маанилүү багыттардын бири санариптештирүү болгондуктан, институттун бүтүрүүчүлөрү: бакалавр, магистр, аспирант жана докторант кадрлардын бардыгы ошол тармакта эмгектенишет. Институттун жетишкендиктеринин бири болуп Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттерде түзүлгөн IT технология боюнча атайын биргелешкен программа иштеп чыкканбыз. Россия, Кытай жана Казакстандагы жогорку окуу жайлар менен байланышыбыз бар”, - дейт ал.

Профессор Бейшенбек Укуевдин кызы Нургүл Укуева атасы жаңы маалыматтык технологиялар институтунун негиздөөчүсү жана өмүрүнүн аягына чейин 20 жыл жетекчи болуп эмгектенгенин эскерди.

“Кыргызстандын экономикасы IT тармагы аркылуу, программисттер аркылуу өнүгөт деп көп айтар эле”, - деди Укуева.

Эскерте кетсек, конференция Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин аракети менен, ошондой эле Азиядагы IT Улуттук изилдөө борбору (NRF), Клуж-Напока техникалык университети (Румыния), ШКУ университетинин өнөктөш ЖОЖдордун өкүлдөрүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий