Бакуда ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин аппарат жетекчилери жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган боордош өлкөлөрдүн парламенттеринин аппарат жетекчилеринин жыйынына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында алгач ирет уюштурулуп жаткан жыйында Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси баяндама жасап, парламенттердин ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө аппарат негизги кыймылдаткыч күч экенин белгиледи.

“Андыктан парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн аппарат кызматкерлеринин ишин мыкты уюштуруубуз кажет. Тагыраагы, алдыңкы технологиялардын негизинде иш кагаздарын ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү, заманбап электрондук ыкмаларды колдонуу башкы максатыбыз”, – деди Алайбек Алымбаев.

Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги ыкмасы тажрыйба алмашуу экенин баса белгилеген аппараттын жетекчиси: “Бул багыттан алганда бүгүнкү биздин жолугушуубуздун мааниси өтө чоң. Ушундай жолугушууларды байма-бай өткөрүбүз зарыл. Айрыкча тажрыйба алмашуу биздин тыгыз мамилебиздин ачкычы болмокчу. Анткени, ар бир парламенттин ишмердүүлүгү бири-биринен өзгөчөлөнөт. Биз тажрыйба алмашуу менен гана алдыга жыла алабыз”, – деди.

Сөзүнүн аягында демилге көтөрүп, ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин аппарат жетекчилеринин алгачкы жыйынын ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн азербайжан тарапка ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий