• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Амантур Исмаилов Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты.

Бүгүн Амантур Исмаилов 67 килограмм салмак ченинде 1/8 финалда беттештерин баштады. Анда ал грузиялык Рамаз Зоидзе менен күч сынашып, 12:1 эсебинде утушка ээ болду.

Эми Амантур Исмаилов чейрек финалда Парвиз Насибов (Украина) – Мате Немеш (Сербия) беттешинде жеңген спортчу менен күрөшөт.

Пикир

Оставить комментарий