• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Англия кыргызстандыктар үчүн 3 миң жумуш орун берүү ниетин билдирди

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Англия кыргызстандыктар үчүн айыл чарба жумуштарына 3 миң квота берүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик өткөн жылы Агро HR компаниясы менен келишим түзүп, 1,5 миң кыргызстандыкты Англияга жумушка жиберген.

“Учурда эки миң кыргызстандык алдын ала тандоодон өттү. Биздин бүгүнкү келишимибиз мекендештер үчүн квотанын санын 3 миңге жеткирүүгө мүкүнчүлүк түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлик мындан сырткары, кыргызстандыктарды бир гана айыл чарба жумуштарына жиберүү эмес, тейлөө, туризм жана башка тармагын кароодо.

Пикир

Оставить комментарий