• 87
  • 90.41
  • 0.84

Анкарада өзгөчө кырдаалдагы журналистика окуусу уланууда

Коом 0

Анкара, 05.07.24. /Кабар/. Түркиянын борбору Анкарада 25- өзгөчө кырдаалдагы журналистика окуусу уланууда. Бүгүн атайын окуунун бешинчи күнү аяктады.

Бул аралыкта журналисттерге аба күчтөрүнүн, деңиз күчтөрүнүн иши тааныштырылды, жарадар жарандарга алгачкы жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдарда кантип иштөө керек экендиги, кибер коопсуздук, ар кандай газга каршы маска колдонуу, көздөн жаш агызуучу газ, суу менен көпчүлүктү таратуу, качкындар лагерлеринде макала жасоо, кылмышкерлер тарабынан кол салуу учурунда коргонуу тактикалары, сүрөт тартуунун негиздери, сууда сүзүү ыкмалары жана куткаруу сабактары болду.

Өзгөчө кырдаалдагы журналистика окуусуна Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Ирак, Азербайжан, Кипр, Тажикстан, Косово, Грузия сыяктуу мамлекеттен 25ке жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери катышууда.

Иш-чара Анадолу маалымат агенттиги, TİKA (түрк кызматташтык жана координация агенттиги) , Түркия полиция академиясы менен биргеликте уюштурулду.

25-өзгөчө кырдаалдагы журналистика окуусу 1-июлдан 12-июлга чейин Анкарада өтөт. Буга чейин атайын окуудан 533 журналист билим алып тажрыйбасын жогорулаткан.

Пикир

Оставить комментарий