• 87
  • 89.63
  • 0.85

Анкарада Эл аралык тоо күнүнө арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарындагы Кыргыз Студенттеринин Ассоциациясы менен биргеликте БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясы менен жарыяланган Эл аралык тоо күнүнө арналган көркөм кече өткөрдү.

Тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө көңүл бурууга багытталган иш-чаранын алкагында катышуучулар түрк жана азербайжан сүрөтчүлөрүнүн жардамы менен тоо темасына сүрөттөрдү тартуу боюнча сессия өткөрүштү.

“Кыргызстандык студенттер кыргыз элинин турмушунун, маданиятынын жана тарыхынын маанилүү элементи катары тоолордун терең жана символикалык маанисин өз эмгектеринде чагылдырышты. Сүрөттөр аркылуу авторлор өздөрүнүн тоолуу өлкөсү менен сыймыктануу сезимин ойготуп, Кыргызстандын жаратылышынын ажайып кооздугун келечек муундар үчүн сактап калууга чакырышты”,-деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери катышуучуларды тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын долбоорлору менен тааныштырышты.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Баку шаарында өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын (COP29) алкагындагы Дүйнөлүк лидерлердин Саммитине катышуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий