• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Анталья шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. 31-августта Башкы консулдуктун колдоосу менен Анталья шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары тарабынан Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, маамалык Анталья шаарында жайгашкан кыргыз этно-комплексинде өтүп, ага райондук муниципалитеттердин өкүлдөрү, чет мамлекеттердин коомдук уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кеченин коноктору үчүн улуттук тамак-аштар даярдалып, музыкалык номерлер жана улуттук оюндарды камтыган маданий программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий