Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Россиянын Башкы консулдугу Антальядагы учактан чыккан өрттө жабыркагандар жок экендигин билдирди.
ТАСС кабарлагандай, алдын ала маалыматтар боюнча учактын бортундагы өрт өчүрүлгөн. Окуяда каза болгондор жана жабыркагандар жок.
“Учактын бортунда чыккан өрт тууралуу маалыматка байланыштуу Россиянын Антальядагы Башкы консулдугу аэропорттун жетекчилиги менен байланышта болууда. Консулдуктун кызматкерлери окуя боюнча маалыматтарды тактоодо жана жүргүнчүлөргө жардам берүүгө даяр”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле башкы консулдуктун ыкчам байланыш телефон номерлери иштеп жатканы кошумчаланды.
"Антальяга туроператорлор аркылуу келген жүргүнчүлөр алар менен байланышта болуп, зарыл болгон учурда камсыздандыруу компаниялары менен да байланышты үзбөш керек”, - деп белгилешти консулдуктан.
Пикир
Оставить комментарий