Рак илдетине кабылган апасына жардам сураган кыз. Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Чүй облусунун башчысынын орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Москва районунун акиминин орун басары Искендер Өскөмбаев социалдык тармактар аркылуу апасына жардам сураган Беловодск айылынын Дебора аттуу тургунунун үйүнө барышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда жергиликтүү бийлик бейтапты Бишкектеги онкологиялык ооруканага жаткырууга жардам көрсөттү. Мындан тышкары, материалдык жардам көрсөтүү маселелери каралууда.

Ошондой эле кичинекей Дебораны мектепке кабыл алуу жана бардык керектүү окуу куралдары менен камсыз кылуу маселеси чечилди.

Бүгүнкү күндө Гүлмира Кыштобаева мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде жөлөкпул жана медициналык жардам көрсөтүү, медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү маселесин кароо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Дебора аттуу кыз социалдык тармактар аркылуу апасы рак илдетине чалдыкканын айтып, жардам берүүнү суранган.

Пикир

Оставить комментарий